«Берекет» филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Чуй, Бишкек

Жоопкерчиликтери:

  • Кредиттик комитетке берилген кредиттик долбоорлорду контролдоо жана текшерүү;
  • Кызматкерлерди сапаттуу финансылык талдоого үйрөтүү, берилген кредиттерге мониторинг жүргүзүү;
  • Бөлүмдүн ишинин жыйынтыгын талдоо жана ишти жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
  • Бөлүмдүн ичинде командалык ишти калыптандыруу.

Талаптар:

  • Жогорку билим кредиттөө тармагында 5 жылдан бери иш тажрыйбасы;
  • Кыргыз Республикасынын колдонуудагы банк мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүү;
  • Банктык жана финансылык терминологияны, финансылык талдоо ыкмаларын, кредиттин күрөөсүн баалоо жана ишке ашыруу ыкмаларын, көйгөйлүү кредиттерди реструктуризациялоону билүү;
  • өнөктөш кардарларды тартуу көндүмдөрү.

Биз эмне сунуштайбыз:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
  • Квартал сайын кошумча акы төлөнүүчү эс алуу күнү;
  • Ден соолукту сактоо үчүн компенсация пакети;
  • Акы төлөнүүчү уюлдук байланыш;
  • Атаандаштык эмгек акы + ишенимдүү бонус системасы;
  • Банктын эсебинен окутуу;
  • Заманбап кеңсе;
  • Банктын эсебинен корпоративдик иш-чаралар, туристтик сапарлар.

 

Сизди биздин сунуш кызыктырабы? Анда резюмеңизди “Берекет” филиалынын кредиттөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары” деген белги менен ssalkarova@doscredobank.kg дарегине жөнөтүңүз же төмөнкү баскычты басыңыз...