06 Апрель 2026 10:04

“Дос-Кредобанк” ААК Global Money Week 2026 алкагында финансылык сабаттуулук программасын масштабдуу ишке ашырды

Дос-Кредобанк” ААК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргызстандын банктар бирлигинин координациясы менен өткөрүлгөн Global Money Week 2026 эл аралык демилгесинин алкагында жаштардын арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган бир катар билим берүү иш-чараларын ишке ашырды.
Демилгенин ишке ашырууда Банк тарабынан “Акчаны туура колдонуу – үйдө береке болгону” аталышындагы лекциялардын сериясы уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Бишкек, Нарын, Каракол, Кызыл-Кыя, Талас, Балыкчы, Ош, Манас жана Токмок шаарларын камтыган ар кайсы аймактарында 300гө жакын окуучу жана студент катышты.

Иш-чаралардын программасы негизги эки багытты камтыды:

  • финансылык сабаттуулуктун негиздери

  • банк ишиндеги туруктуу өнүгүү принциптери (ESG)

Бишкек шаарында программанын алкагында чакырылган эксперт – тарых илимдеринин кандидаты, нумизмат А.М. Камышевдин катышуусунда “Кыргызстандын монеталары жана казыналары” темасына арналган лекция болуп өттү.

Мындан тышкары Банктын өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлгөн финансы жарманкесине катышып, анда катышуучуларга консультациялык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Программаны ишке ашыруу жаштарда жеке финансыны башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга, финансылык маданияттын деңгээлин жогорулатууга жана финансылык чечимдерге жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүүгө багытталган.

Дос-Кредобанк” ААК финансылык сабаттуулукту жана калктын туруктуу экономикалык жүрүм-турумун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү демилгелерди ырааттуу түрдө колдойт.

Иш-чаралардын видеолору жана материалдары “Дос-Кредобанк” ААКнын Instagram тармагындагы расмий баракчасында жеткиликтүү.

Байланыш борбору: 8686
Сайт: www.dcb.kg