01 November 2023 09:11

Doscredobank жана MoveGreen

Doscredobank “MoveGreen” коомдук экологиялык уюму менен кызматташуусун улантарын кубануу менен кабарлайт жана биз биргеликте абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү дагы бир датчикти орноттук! Бул абанын булгануусу менен күрөшүү жана планетабызга кам көрүү боюнча биздин биргеликте аткаруучу миссияларыбыздын кичинекей гана бөлүгү. 

MoveGreen менен кызматташуубуздун арты менен өлкөбүз боюнча жайылтылган, абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү датчиктерден дээрлик 17 даана орнотулду. Бул датчиктер Кыргызстандын жашоочуларына өз аймактарындагы абанын сапатын көзөмөлдөп туруу гана эмес, аба катмарын булгоочу зыяндуу заттардын аралашмаларынын негизги көрсөткүчүн реалдуу убакыт менен байкап турууга шарт түзөт. 

Абанын сапаты тууралуу кантип маалымат алса болот? Керектүү маалыматтардын бардыгы атайын мобилдик тиркемеде жана AQ.kg. сайтында жеткиликтүү. Сиздер эми өз аймагыңыздардагы абал менен ар дайым кабардар болуп, абанын сапатын жакшыртууга салым кошо аласыздар. 

Жалпыңыздарды биздин катарыбызга кошулуп, курчап турган чөйрөгө кам көрүүгө чакырабыз. Ар бириңиздер абанын сапатын жакшыртууга салым кошо аласыздар жана биз биргеликте көптөгөн жакшы өзгөрүүлөрдү жасай алабыз! 

Табиятка кам көрүү менен, Doscredobank 🌱🌞