24 October 2025 15:10

«Дос-Кредобанк» ААК Жалал-Абад облусунун билим берүү жана социалдык мекемелерине компьютердик техниканы берди

Корпоративдик социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында «Дос-Кредобанк» ААКнын Жалалабад филиалы 79 бирдик компьютердик техниканы берүү менен облустун билим берүү жана социалдык мекемелерине колдоо көрсөттү.

Техника «Ак-Жол» Жалал-Абад балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна, Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине, ошондой эле Сузак районунун Орто-Азия айылынын № 13 Акматалы Базаров атындагы орто мектепке берилди.

Жабдууну берүү аймактын билим берүү жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган демилгенин бир бөлүгү болуп калды. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу санарип көндүмдөрү калыптандырууга, окутуу жана реабилитациялоо шарттарын жакшыртууга, ошондой эле балдар жана мугалимдер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшөт.

«Дос-Кредобанк» ААК көп жылдардан бери финансылык жана санариптик сабаттуулукту жогорулатууга, билим берүүнү колдоого жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган социалдык демилгелерди ырааттуу ишке ашырып келет.
Социалдык жоопкерчилик принциптерин сактоо менен, Банк коомду өнүктүрүүнү бекемдөөгө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошот.