22 November 2022 16:11

GIP жана АЭФБдин өкүлдөрү Doscredobank’тын кеңсесине келишти

Бүгүн, 22-ноябрда Doscredobank’тын башкы кеңсесине GIP (Green Investment Principles) Катчылыгынын башчысы Ченг Лин мырза жана “Астана” эл аралык финансы борборунун (АЭФБ) өкүлдөрү келишти. Алар жашыл финансы борборунун башкы директору Айдар Казыбаев, жашыл финансы борборунун башкы директорунун орун басары Асель Нурахметова  жана ESG- Жашыл финансы борборунун офицери Даурен Хасанов. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Банк жетекчилери, GIP жана АЭФБнын өкүлдөрү учурдагы долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле кийинки кызматташтыкты талкуулашты. 

Коноктор 2022-жылдын 23-ноябрында өтө турган Жашыл инвестициялар форумуна катышуу үчүн келишкен.