10 September 2025 08:09

«Дос-Кредобанк» ААК жана «SOS Кыргызстандын балдар айылы» кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

«Дос-Кредобанк» ААК жана «SOS Кыргызстандын балдар айылы» коомдук кайрымдуулук фонду ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жана жаштарга колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле коомго жана эмгек рыногуна ийгиликтүү интеграциялоо үчүн алардын финансылык жана кеесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган, кызматташуу жөнүндө меморандумду түзүштү.

«SOS Кыргызстандын балдар айылы» фонду көп жылдардан бери ата-энесиз өсүп жаткан же үй-бүлөсүн жоготуу коркунучунда турган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүп келет. Уюм үй-бүлөгө жайгаштыруу, жаштарды өз алдынча жашоого даярдоо жана социалдык жоопкерчилик баалуулуктарын илгерилетүү программаларын ишке ашырат.

Меморандумга ылайык, биргелешкен иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
    •    финансылык сабаттуулук жана кесиптик багыт боюнча тренингдерди, оюндарды жана мастер-класстарды өткөрүү;
    •    волонтердук демилгелерге банктын кызматкерлерин тартуу;
    •    жаштарды социалдаштырууга жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруу;
    •    фонддун социалдык долбоорлорун финансылык колдоо.

Өнөктөштүк социалдык жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана БУУнун Баланын укуктары жана татыктуу эмгек ченемдери жөнүндө конвенциясын кошо алганда, эл аралык этикалык стандарттарды сактоо принциптеринде курулат.

«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу өнүгүүгө жана коомдун жыргалчылыгына багытталган, социалдык маанилүү демилгелерге колдоо көрсөтүүнү улантат