27 June 2022 17:06

"ЭКО-туризм" аталышындагы жаңы "жашыл продуктту" сунуштайбыз.

Достор, туристтик секторду өнүктүрүүгө жана энерго-натыйжалуу, ресурстарды үнөмдөөчү технологияны киргизүүгө багытталган DCB Green атайын программасынын алкагында Doscredobank'тан насыялануучу "ЭКО-туризм" аталышындагы жаңы "жашыл продуктту" сунуштайбыз.

Анын жардамы менен каалаган экологиялык кыялыңызга насыя же бөлүп төлөө шартын тариздесеңиз болот. Мисалы, имараттарды жылуулоо, күн нурлуу панелдерди жана коллекторлорду орнотуу, вентиляция системаларын жакшыртуу, суу чыгаруу жана жылытуу системасын орнотуу, турак үйлөрдү жана кеңселерди энерго-натыйжалуу жарыктандыруу, тазалоо курулмаларын модернизациялоо жана башка максаттар.

Бирок бул дагы чек эмес! "ЭКО-туризм" программасы боюнча Doscredobank өз кардарларына кэшбек да белек кылат: насыяны толугу менен төлөп бүткөн соң, биз эсептелген пайыздардын бир бөлүгүн сизге ыңгайлуу жол менен кайра кайтарып беребиз!

Doscredobank менен бирге жаңы экологиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыздар! #dcbgreen #ecofriendly #ecoturism