22 May 2024 15:05

Doscredobank КЭУ университетинде олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды

Doscredobank Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган эл аралык ЖОЖдор аралык олимпиаданын байгесине демөөрчү болду.

Бул маанилүү иш-чара ар кандай окуу жайлардын студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн чогултуп, алардын даярдыгынын жана билиминин жогорку деңгээлин көрсөттү. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана КЭУнун бүтүрүүчүлөрү андан ары жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен стажировкадан өтүүгө чакырылган. Doscredobank жаш адистердин жаңы идеялары жана шыктануусу банктын командасына мыкты кошумча болоруна ишенет.

Резюмени төмөнкүлөргө жөнөтсө болот: hr@doscredobank.kg