01 June 2023 10:06

"DCB KIDS" - children's bank cards

Балдарды коргоо күнү менен куттуктайбыз, бул майрамдын урматына Doscredobank "DCB KIDS" – балдардын банк карталарын ишке киргизет. Ал балдарга кичинекей чагынан тартып эле өз каражаттарын башкарууну үйрөтүүгө көмөк түзөт!
Картанын жардамында балдар төмөнкүлөрдү аткара алышат: 

  • акча чогултууну жана аны чыгымдоону пландоону үйрөнөт; 
  • берилген тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн же жакшы баа үчүн көп эмес көлөмдөгү акчага ээ болушат; 
  • банкоматты колдонуу принциптерин, төлөм терминалдары аркылуу картасын толуктоону өздөштүрөт; 
  • товар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзө алат. 

Картаны кантип ачса болот? 

  • Банктын каалаган филиалына кайрылыңыз (жаныңызга паспортуңузду жана баланын күбөлүгүн алып алыңыз); 
  • Керектүү документтерди толтурасыз! Даяр! 
  • Карта даяр болгондо сизге смс-билдирүү жөнөтүлөт. 

Картадагы тарифтерди бул жерден текшере аласыз.
Колл-борбор: 8686