Келишимдин алкагында жакынкы аралыкта Банктын айрым бөлүмдөрүндө «Твой заряд» кубаттоо станциялары орнотулат. Алар кардарларга мобилдик түзмөктөрүн ыкчам жана ыңгайлуу кубаттоого мүмкүндүк берет. Бул кадам кардарлар үчүн шарттарды жакшыртып гана тим болбостон, айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга да көмөктөшөт.
«Биз технологиялык инновациялар жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамиле менен айкалышуусу керек деп ишенебиз.»