DCB GREEN

ТАШТАНДЫНЫ ӨЗҮНЧӨ ТОПТОО ЖАНА УТИЛИЗАЦИЯЛОО

Doscredobank’тын башкы кеңсеси Жашыл кеңсе стандарттарын жайылтуунун алкагында Банктын кызматкерлери жана кардарлары менен таштандыны ылгап чогултуу жана утилизациялоо такшалмасын ишке ашырууда. Тазар коомдук кыймылынын https://www.instagram.com/tazar.app таштандыны ылгоо талаптарына жооп берген жай даярдалып, атайын контейнерлер коюлду. Таштандыны чогултуп кеткен уюмдар менен келишим түзүлдү жана чогултулган, кайра иштетүүгө тапшырылган ташдандылар эсепке алынып турат. Ошондой эле кызматкерлер туруктуу түрдө таштандыларды ылгоо темасы боюнча окутулуп жатат. Бул талаптардын аткарылышын Банктын кызматкерлеринин ичинен дайындалган жооптуу адам ар дайым көзөмөлдөп турат.

Жогоруда жасалып жаткан аракеттер экологияны коргоо үчүн жоопкерчиликтүү кадам гана эмес, “таштандылар кирешеге” принциптерин да ишке ашыруу болуп саналат. Ага катышуу менен Doscredobank’тын ар бир кызматкери же кардары таштандыларды ылгоого өз салымын кошуп, экологиялык азык-түлүк же үйгө ылайыктуу буюмдарды сатып алуу үчүн бонус ала алат. Мындай аракеттер коомчулукту экологиянын көйгөйлөрүнө көңүл бурдурууга, жаратылышка карата жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакыруу максатында уюштурулууда.