Банктын уюштуруучулары жана акционерлери – физикалык жана юридикалык тараптар, КРнын резиденттери.
Dos Credobank эӊ алгачкы күндөрүнөн тартып КРнын экономикасынын өнүгүшүнө, жаӊы жумуш орундарын түзүүгө, жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга, ишкерликти жана ишкер демилгени өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өз салымын кошууга умтулат.
Банк эл аралык байланыштар багытында активдүү саясат жүргүзөт, бир катар жетектөөчү чет өлкөлүк банктар менен корреспонденттик мамилелерге ээ, насыялоо рыногунун активдүү катышуучусу болуп саналат жана Золотая Корона, Contact, Ria, Western Union, MoneyGram, Unistream сыяктуу алдыӊкы акча которуу системалары менен кызматташтык жүргүзөт. Жакынкы келечекте Банк дүйнө жүзү боюнча алдыӊкы каржылык институттар менен мындан да өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө ниеттенет.