2024-жылдын 29-мартында саат 14-00дө Бишкек ш., Чүй пр., 92 дарегинде акционерлердин кезектеги Жалпы чогулушу өттү. Чогулуштун кворуму 84,0809 % түздү.
Добуш берүүгө коюлган маселелер:
- Эсеп комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
- 2023-жылдагы жасалган иштер тууралуу Директорлор кеңешинин отчетун кароо жөнүндө.
- 2023-жылдагы Банктын иши тууралуу Башкарманын отчетун кароо жөнүндө.
- 2023-жылдагы Банктын финансылык отчеттуулугун бекитүү тууралуу (КРУБ жана ФОЭС боюнча эки отчеттуулук).
- 2023-жылдагы Банктын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу жөнүндө.
- 2023-жылы Банктын бизнес-планын аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу.
- 2024-жылга бизнес-планды бекитүү тууралуу.
- 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча пайданы бөлүштүрүү тартибин, Банктын акционерлерине дивиденддерди төлөө формасын жана төлөп баштоо датасын бекитүү тууралуу.
- Банктын Директорлор кеңешинин курамын шайлоо тууралуу.
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө сый акы төлөө шарттарына жана өлчөмүнө байланыштуу.
- Тышкы аудиторду дайындоо жана анын сый акысынын өлчөмүн аныктоо тууралуу.
- «Дос-Кредобанк» ААКнын Уставына өзгөртүүлөрдү бекитүү тууралуу.
Акционерлердин кезектеги Жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган чечимдер:
- Жылдык Жалпы чогулуштун Эсеп комиссиясы бекитилсин.
- 2023-жылдагы жасалган иштер тууралуу Директорлор кеңешинин отчету бекитилсин.
- 2023-жылдагы Банктын иши тууралуу Башкарманын отчету бекитилсин.
- КРУБ жана ФОЭСга ылайык 2023-жылдагы Банктын финансылык отчеттуулугу бекитилсин.
- 2023-жылдагы Банктын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу эске алынсын.
- 2023-жылы Банктын бизнес-планын аткаруу жөнүндө отчет бекитилсин.
- 2024-жылга бизнес-план бекитилсин.
- 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча Банк алган, ФОЭС талаптарына ылайык эсептелген бөлүштүрүлбөгөн пайда «Дос-Кредобанк» ААКнын бөлүштүрүлбөгөн пайда эсебинде калтырылсын.
- 1. «Дос-Кредобанк» ААКнын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү 1 жыл мөөнөткө шайлансын:
- Нурмолдоева Гуланда Айнидиновна;
- Камчибекова Гульчехра Садырбековна.
- «Дос-Кредобанк» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 4 жыл мөөнөткө шайлансын:
- Нариман уулу Бакыт;
- Оганян Кармен Гургенович;
- Тагаев Рустамбек Турдыевич.
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акынын өлчөмү бекитилсин.
- "Бейкер Тилли Бишкек" ЖЧК «Дос-Кредобанк» ААКнын тышкы аудитору болуп дайындалсын, Директорлор кеңеши сунуштаган өлчөмдө сый акы аныкталсын.
- «Дос-Кредобанк» ААКнын Уставынын жаңы редакциясы бекитилсин.