КМШ, Алыскы чет өлкөлөр
Рубль, АКШ доллары, Евро
Накталай төлөө
«Золотая Корона» акча которуулар системасы – Россия, КМШ жана алыскы чет өлкөлөр боюнча эсеп ачпастан көз ирмемдик акча которуулары. КМШ өлкөлөрүнүн бүткүл аймагындагы 250дөн ашык банктар системанын өнөктөштөрү болуп саналышат.
Тарифтер: которуунун суммасынын 0,95%ы.
«Золотая Корона – Акча которуулары» сервиси Каржылык технологиялар борбору Компаниялар Тобуна кирет.
Сервис эсеп ачпастан акча которуулар рыногунда 2003-жылдан баштап иштеп келет жана Россия менен жакынкы чет өлкөлөрдүн аймагында кызматтарын сунуштайт.
Золотая Корона кепилдик берет:
Акча которууларын жөнөтүүнүн «Связной», «Евросеть», «МТС», ТНК-ВР соода тармактарындагы максималдуу ыӊгайлуу тармагы; банктар аркылуу которууларды жөнөтүүнүн жана алуунун адистешкен тармагы;
Которуунун ылдамдыгы – жөнөткөндөн бир секунддан кийин алууга болот;
Дарексиздик – которууну тариздөө учурунда которуу жөнөтүлүүчү өлкөнү жана шаарды гана атоо зарыл;
Алуучу өзү үчүн эӊ ыӊгайлуу алуу пунктун өзү тандай алат; КМШ жана Россия ичиндеги которуулар боюнча төмөн тарифтер – 0,5%дан баштап; которуунун статусу жөнүндө SMS-билдирүү; системанын сайтынан которуунун абалын on-line режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.
Dos Credobankтын Сиз үчүн ыӊгайлуу пунктуна ал иштеген сааттарда өздүктү тастыктаган документ менен келиӊиз
Банктын адисине которуу багытталган өлкөнү жана шаарды, алуучунун аты-жөнүн жана жөнөтүлүүчү сумманы айтыӊыз
Которууну жөнөтүүгө арызга кол коюӊуз, которуунун суммасын жана жөнөтүү үчүн комиссияны бөлүмдүн кассасына төлөӊүз
Банктын адисинен которуунун кодун алыӊыз да, аны алуучуга билдириӊиз